<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><lyrics>[V1]
 Падышам, кул кейпинде төрөлдүң Сен,
 Сүйүүнү аярлаган, баалуу кылган.
 // Чырмалган жолдорумда таштабадың,
 Жөлөгүм, теңдеши жок асыл Мырзам. //

[V2]
 Акылым, сезим, сүйүү айкалышкан,
 Ажайып гүл бакча бар жүрөктөрдө.
 // Арала, ыйык бутуң басып өтсүн,
 Ээлеп ал, «Меники», - деп, издериң сал. //

[V3]
 Кооздоого жан дүйнөнү бел байлаган,
 Керемет, анык уста, чеберимсиң.
 // Өзүңдө бүт кооздуктар жашырылган,
 Сырдуумсуң, баалуу кубат берээримсиң. //

[V4]
 Жаркырайт көк асманда Теңир шары,
 Шаарында Теңиримдин болбойт кайгы.
 // Кийинген аппак кийим уул-кыздарың,
 Арнашат даңктоо ырын тегиз баары. //</lyrics>
<title>Падышам, кул кейпинде төрөлдүң Сен</title>
</song>